super.kg logo

Кыргыздын "Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгына ат салышат

 

Белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгына ат салышат. Бул маалыматты тасманын режиссёру тастыктады.

Маалыматка караганда, Бирназаровдун тасмасы "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча сынакка катыша турган фильмдердин узун тизмесине кирген. Сынакка катыша турган тасмалар тандалып алынып, кыскартылган тизмеси 8-декабрда жарыяланат.

"Кыргызфильм" тарабынан каржыланган тасманын узактыгы 1 саат 30 мүнөттү түзөт. Фильм таң каларлык мүнөздөгү жаш кыз менен улгайып калган курактагы жалгыз жашаган эркек киши жөнүндө. Кызды киши кыштактын четиндеги көчөдөн жаракат алып, жардамга муктаж болуп турган кезинде таап, ага камкордук көрсөтө баштайт. Бара-бара ал кишиде кызга болгон махабат сезимдери пайда болот.

"Алтын глобус" - жыл сайын кино жана теле жаатында ийгилик жараткан белгилүүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруучу азем. Кезектеги сыйлык тапшыруу салтанаты 2018-жылдын 7-январына белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: