Өспүрүмдөр арасындагы "Евровидение" сынагында 13 жаштагы кыз жеңүүчү деп табылды




Беларусиянын борбору Минск шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы "Евровидение" эл аралык музыкалык сынагында польшалык 13 жаштагы Роксана Венгель жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу сынактын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка караганда, сынактын финалы 25-ноябрда өтүп, анда 20 катышуучу байгелүү орундар үчүн күч сынашкан.
"13-номерде сахнага чыккан Роксана Венгель калыстар тобу берген баадан кийин алдыңкы үчилтикте да жок болчу. Бирок көрүүчүлөрдүн колдоосу менен ал 215 упай топтоп жеңүүчү деп табылды", - деп жазылат маалыматта.
Сынактын жыйынтыгында 2-орунду 203 упай менен Франция алса, 3-орунда 201 упай топтогон Австралия жайгашты. Ошондой эле алдыңкы ондукка Украина, Мальта, Казакстан, Италия, Грузия жана Армениядан келген ырчылар кирген. Орусиянын атынан катышкан Анна Филипчук 10-орунду ээледи.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bek_tash

26.11.2018. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак туугандар молодец!!!
Farkhat07.05.89

26.11.2018. 17:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Австралия дагы Европага кирип калды беле?Yчунчу орунда Австралия деп журобу...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.