super.kg logo
  Спорт  

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган балдар арасындагы футбол боюнча мелдеште казакстандык команда жеңишке жетишти

 

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган балдар арасындагы футбол боюнча мелдеште казакстандык команда жеңишке жетишти. Бул тууралуу улуттук футбол федерациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 12 жашка чейинки балдар арасындагы мелдеш 22-24-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында өтүп, ага 8 команда катышты. Тайпалык жана жарым финалдык беттештердин жыйынтыгы менен финалда бишкектик "Дордой" жана алматылык "Кайрат" клубдары кез келди. Оюн 0:2 эсеби менен казакстандык команданын пайдасына чечилди. 3-орун үчүн беттештин негизги убактысы 2:2 эсеби менен жыйынтыкталып, пенальтилер сериясында Бишкектин "Илбирс" клубу Шымкент шаарынан келген "Ордабасы" клубун 3:1 эсебинде жеңип алды.

"Жеңүүчү командалар медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле мелдешке катышкан бардык жаш футболчуларга Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Ак кеме" фильми көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларынын негизинде суроо-жооп оюну уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Атайын белектер төмөнкү номинациялар боюнча тапшырылды:

Мыкты дарбазачы –Давыд Новиков "Илбирс" клубу, Бишкек шаары.

Мыкты коргоочу – Кеншилик Шерхан ОСДЮСШ №5 клубу, Тараз шаары.

Мыкты коргоочу – Эдуард Цендлер "Шахтёр" клубу, Караганда шаары.

Мыкты чабуулчу – Хансултан Айту "Ордабасы" клубу, Шымкент шаары.

Мыкты бомбардир – Руслан Сулейманов "Кайрат" клубу, Алматы шаары.

Мыкты оюнчу – Ислам Маматкулов "Дордой" клубу, Бишкек шаары.

Мыкты машыктыруучу – Александр Арефьев "Кайрат" клубу, Алматы шаары.

Мыкты калыс – Азирет Жеңишалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: