super.kg logo

Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип, кордук көрсөтүп жүргөн адам кармалды

 

Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип, кордук көрсөтүп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Криминалдык милиция кызматы оперативдүү маалыматтардын негизинде иш алып барып, Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныктаган. Ал жайдын ээси сойку кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүү менен иштетип жүргөнүн аныкташкан.

"Атайын оперативтүү тергөө тобу 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүп, бир топ далилдерге кошо сойкулук менен алектенген кыздарды жана аларды иштетип жүргөн ээсин аныкташты. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголду", - деп билдирди маалымат кызматтан.

Алгачкы сурак учурунда жашыруун жайды уюштурган аял кыздарды жумуш таап берем деп алдоо жолу менен алып келгенин айткан. Ал кыздарды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап, сойкулукка мажбурлаган. Жабыр тарткан 3 кыз кордукка кабылгандыгын билдирип облустук милицияга арыз жазышкан. Учурда тергөө иштери улантылууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.11.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын,кыз келиндер кор болду бул заманда. Качканга аракет кылышса болмок экен,чет олкодо болсо биржон,Айла жок качальай калгандай,кыйкырып окурсо деле кошуна колон угат беле. Бирок ,дагы бир жолу айтам,кудай мындайды башка салбасын
28.11.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын мындай нерседен тооба
28.11.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оштогу "Алма"деген саунаны дагы жашыруун текшерсенер жакшы болмок...
28.11.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
barakcha,Ал жерди " Кара алма" дейт. Аты эле айтып турбайбы кандай жер экенин. :)
28.11.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кара алманы
29.11.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Точно ошол кара алманы текшериш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-29 11:50:31
29.11.2018. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кара алманы Асан Байке апамдыкы дейтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: