super.kg logo

Кара-Суудагы 31 окуучунун катышуусундагы мушташ. Жабырлануучуга ким кол салганы аныкталбай жатат

 

Кара-Суудагы 31 окуучунун катышуусундагы мушташуу боюнча иликтөө иштери улантылууда. Учурда жабырлануучу ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал денесинин 9 жеринен жаракат алып, абалы оор, бирок туруктуу бойдон калууда.

Облустук милициядан бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына билдиришкендей, учурда мушташка катышкан балдарды суракка алуу улантылууда.

"Мушташкан балдардын баары суракка алынып жатат. Алар караңгы болчу, жабырлануучунун денесине ким жаракат келтиргенин билбейбиз деген жоопту гана айтып жатышат. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон, тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Мушташтын кесепетинен Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н. уулу Н. аттуу тургуну денесинин ар жеринен миздүү нерсе менен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучу 9-классты аяктап, Жоош айыл өкмөтүндөгү кесиптик лицейде окуп келген. Аны окуу жайдын балдары кемсинтип, анын айынан бир нече жолу чыр-чатак чыкканы да маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
28.11.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эки кыйнап койсо оздору "сайрап" башташат. Акыры бири сайды да. Кылмышкер айыбын мойнуна алыш керек. Жакшы айтканга конбосо оздорунон корсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: