super.kg logo

Кытайдагы химиялык заводдо жарылуу болуп, 22 адам көз жумду

 

Кытайдын Хэйбей провинциясында химиялык заводдун жанында жарылуу орун алып, 20дай жаран жаракат алса, 22 адам каза болду. Мындай маалыматты Reuters басылмасы жазды.

Жарылуунун келип чыгышы эмнеден улам экени азырынча тактала элек. Чжанцзякоу шаардык округунда жайгашкан химиялык заводго жакын токтотулган 50дөй автоунаа күйүп кеткен. Кырсык катталган учурда завод жабык болгон. Жергиликтүү маалымат булактары өрт өчүрүлгөнүн жазып чыкты.

Кырсык катталган Чжанцзякоу аймагы Пекинден 156 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өндүрүштө жаралган кырсыктар Кытай коомчулугунда кескин сындалып келет. 2015-жылы Тяньцзинь шаарындагы химиялык кампадан чыккан жарылуудан 165 адам каза болгон. Кырсыктын келип чыгышына материалдарды туура эмес сактоо болгон. Экологдор аталган өлкөдө коопсуздук боюнча кескин чаралар дале көрүлбөй келгенин айтышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.11.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытайлардан запкы жеген лагердеги кыргыздар тууралуу жазгылачы. Урматтуу Сокенин деле кабары болсо керек. Байкуш мусулман бир туугандар эмне кун коруп жаттыкен бул жырткычтардан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: