super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча улуттук курамда ойноодон баш тарткан Валерий Кичин Азия кубогуна катышуусу мүмкүн

 

Футбол боюнча Азия Кубогуна катышуучу Кыргыз улуттук курама команданын кеңейтилген тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Маалым болгондой, Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылдын 5-январь - 1-февраль аралыгында өтө турган Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин 35 оюнчуну чакырды. Кеңейтилген курамга орусиялык "Енисей" футболдук клубунун коргоочусу Валерий Кичин дагы кирди. Кичин 2017-жылдын октябрь айынан бери улуттук курамдын катарында ойногон эмес. Буга анын клубдук оюндарга кененирээк көңүл буруу үчүн Кыргыз курамасынын катарында ойноодон баш тарткандыгы себеп болгон.

Окуу-машыгуу жыйындары 7-декабрда башталып, Катардын Доха шаарында өтөт. Анда 35 оюнчудан 28 оюнчу тандап алынат. Жыйындардын алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Палестина, Катар жана Иордания курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Окуу-машыгуу жыйындарына катыша турган футболчулардын тизмеси кийинчерээк белгилүү болот.

Улуттук кураманын кеңейтилген курамы:

Дарбазачылар:

Павел Матяш (клубу жок), Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков (“Дордой”), Калысбек Акималиев (“Абдыш-Ата”), Арстан Кудайбердиев (“Илбирс”)

Коргоочулар:

Авазбек Откеев, Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Аскарбек Салиев ( “Дордой”), Камолидин Ташиев, Аманбек Маныбеков (“Абдыш-Ата”), Даниэл Тэго (Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Вениамин Шумейко (клубу жок), Айзар Акматов (“Алга”), Виктор Майер (“Виденбрюк”, Германия), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”)

Жарым коргоочулар:

Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Бахтияр Дүйшөбеков (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Турсунали Рустамов (“Алга”), Одилжон Абдурахманов (“Алай”), Антон Землянухин (“Илбирс”), Алимардон Шукуров (“Абдыш-Ата”)

Чабуулчулар:

Эрнист Батырканов, Кадырбек Шаарбеков (“Дордой”), Мирлан Мурзаев (“Сомаспор”, Түркия), Виталий Люкс (“Ульм-1846″, Германия)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.11.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кереги жок болчу чакырып,клубду сборныйдан бийик коюп,оз билемдик кылып кеткен оюнчуну чакырып не кереги бар?Орусияда футболчулар кышкы каникулга тараганда,биздин курамды пайдаланып Эмиратка ысык жака кетип калайын дептир да ...
29.11.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84,Азияга чыкканыбызга Кичиндин
да салымы чон!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-29 12:25:38
28.11.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клубу премьер лигадан ыргып калгандан кийин эми келиптир да. Кичинге зарыккан жерибиз жок. Ансыз деле ийгиликтерге жетебиз
29.11.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Клубу жокторду Неге чакырат
29.11.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалаң эле дордой болуп кетиптирго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: