SUPER TV: Кайырчы: "Неберем экөөбүз кайырчылык кылгандан башка аргабыз жок"
Айчүрөк Зикирова Бишкектин чет жагындагы жаңы конуштардын биринде 6 жаштагы небереси менен чогуу жашап, күнүмдүк жашоосуна, тамак-ашына каражат чогултуу максатында шаардагы соода түйүндөрдүн биринин жанында тилемчилик кылат.
"Өзүм 5 миң сом пенсия алам. Астма менен ооругандыктан ал акча дары-дармектериме араң эле жетет. Күнүмдүк жашообузга, азык-түлүк алууга акча керек болгондуктан неберем экөөбүздүн кайыр сурагандан башка аргабыз жок. Күнүнө болжол менен 200-300 сом табабыз. Ал аз келгенсип, жалгыз кызым бизден акча сурап, кээде анын айынан мени уруп койгон учурлары болот", - дейт ал.
Айчүрөк Зикированын жашаган үйүнүн көрүнүшү да көптөн бери каралбай калган үйдөй элес калтырат. Окуяны толугу менен төмөнкү видеоматериалдан көрө аласыздар.
кошулду
Тилемчи: “Неберем экөөбүз кайырчылык кылгандан башка аргабыз жок”








1 |