super.kg logo

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 14-декабрга дайындалды

 

Мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти кароо декабрь айына жылдырылды. Кечээ, 28-ноябрга дайындалган соттук отурум ишти карап жаткан судья семинарга кеткенине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Бүгүн ишти карап жаткан сот Абдуразак Боромбаевдин кабылдамысынан билдиришкендей, кийинки соттук отурум 14-декабрга дайындалганын билдиришти.

Буга чейинки соттук отурумдарда Улан Саляновдун жубайы Лариса Салянова жана баласы Абай Улан уулу көрсөтмө беришкен болчу. Анда маркумдун жубайы жана уулу каргашалуу түнү болгон окуяны айтып берип, кылмышкерлер беткапчан болгонун жана алар менен сүйлөшүүгө аракеттенген Саляновду укпастан, ок атылганын билдиришкен.

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.

Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусияда абакта кармалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: