super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Бурулайдын курбусунун көрсөтмөсү окулду

 

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурумда судья үч томдук тергөө ишин окуп жатат. Анда соттук отурумга келбей калган Бурулайдын курбу кызынын көрсөтмөсүн судья окуп берди.

"Бурулай экөөбүз 4-май күнү медициналык колледжге келдик. Биринчи сабак башталгандан кийин эле Бурулай мугалимден суранып эшикке чыгып кетти. Ошону менен саат 11:10 чамасында өзүнүн кубаттагычка коюп кеткен телефонуна чалып, сумкасын жана телефонун эшикке алып чыгып берүүсүн өтүндү. Мен эшикке чыксам бейтааныш бир бала келиптир. Ага мен ишене албайм деп Бурулайдын сумкасын жана телефонун бербей койдум. Ал кетип калды. Эки мүнөткө жетпеген убакытта кайра Бурулай өзү келди. Ал эмнегедир ыйлап алган жана аны бирөө коркутуп койгондой абалда экен. Ал мага карап "мен Марс менен Таласка кетип жатам" деди. "Ата-энең билеби?" десем "ооба" деп жооп берди. Ошону менен саат 16:00 чамасында мага Бурулайдын эжеси телефон чалып анын кечигип жатканын айтты. Мен аны Таласка Марс менен кеткенин айттым. Ошону менен эки күндөн кийин Бурулайга жолуктум. Бурулайдан "кайра эмнеге келдиң?" десем, "апамдын кан басымы көтөрүлүп кетип кайра келдим" деди. Кийин бир жума өткөндөн кийин эле ал мени үйүнө чакырып эки күндөн кийин Нурлан аттуу бала сөйкө салып кете турганын айтты. Ошону менен Бурулайды көрбөй калдым", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Ошондой эле Бурулайдын курбусу тергөөчүнүн "Марс менен Бурулайдын сүйлөшүп жүргөнүн билчү белеңиз?" деген суроосуна, "Мага Марс менен сүйлөшөм деген, бирок жигитим деп айткан эмес. Кээде экөөбүз сабактан чыкканда Марс айдаган маршруткага отуруп үйгө чейин кетип калчубуз", - деп жооп берген.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшовэкендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
29.11.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вот кептин баары каякта жатат. Турдали мырза менен аялынында кептин баары. Кызы суйлошуп журсо, конулу болсо жмнеге каршы болушат. Кызы эгер конулу жок болсо сумкасына озу келгенде эле качып кетпейт ьеле. Конулу бар учун чогуу кетип отурат да.
29.11.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pchelka85, кептин баары сүйүшкөн күйүшкөндө эмес. Кептин баары Марс Бурулайды мыкаачылык менен өлтүргөндө жатат. Мисалы экөө үйлөндү дейли. Экөө жашап жүргөндө өлтүрсө эмне дегениңерди көрөт элем. Кандай себеп болбосун бирөөнүн өмүрүн бирөө алганга эч кандай укугу жок
29.11.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Take_men, Олтургонун карап турдунбу? Же сенде камерада тартылып калган видеосу барбы? Бироонун куноосун билбей туруп айтуу жаман нерсе.
29.11.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Take_men, Марстын өлтүргөнүнө ачык далил жокко.
30.11.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AIA-TOO,ким олтурду анан тобоо суйуу десе эле силердин козунор дагы кор болдубу не. Ачуулука алдырып койдуда. Еомнатада экоонон башка эч ким болбосо анан ким олтурду призракбы. Жон эле талаша бересинерби тобо. Олтурдуда. Милициялага не пайдасы тиймек эле аларды олтуруп. Алардын куносу ишине шалакылык мамиле кылгандарында эле баланы кармай албай коюшканда. Башкага тийем десе кызганып олтурду да ачуусу менен. Шору экенда озу олбой калыптыр. Эми кылган ишине жооп берсин
29.11.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Take_men, эгер экоо уйлонсо Бурулай казвр арабызда тируу журмок!!!!!!
29.11.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бурулайдын апасы менен атасында 100% күнөө, өзү сүйлөшкөн жигитине турмушка бериш керек эле, алакачабы жөн алып кетеби кыздын көңүлү болсо какая разница эледа. Аттаганат Турдали байке ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-29 17:54:38
29.11.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энени куноолобойлучу!Эч качан жамандыкты каалабайтго ата-эне баласына.Баласын жоготуу кандай оор.Мынчалыкка жетет деп ойлогон эместа атасы деле.
29.11.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки жактын тең ата-энесине,бир туугандарына кыйын болду тирүүнүн күйүтү өлгөндөн да оор.муну башынан өткөн кана адам түшүнөт.
29.11.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин ойумча Бурулай Марска даттанып ыйлаган ата энеси башкага берип жатканын. Экоо качып кетебиз деп кенешишкен. Бул жерде ата энеси аябай бут тозгон жаштарга.
29.11.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бурулайдын ата-энесинде куноо!Акча деген эн жаман нерсе да...
29.11.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуштарга тоскоол болушуп, экөөнү тең кууратышты, бирөөнү тирүүлөй, бирөөнү аркы дүйнөдө
29.11.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Марс эле олтургон, атама каршы айталбайм соз, десе эле озунчо озун кармана албай кеткен да жиндеп, нерви чыгып эмне кылганын билбей калат го кээ бироолор,,, милициядагылар баштары шишиппи, кызды олтуруп,,,андай арыз мун мн тушкондор толтура да, просто шалаакылык кылышкан, бериден кабар берилип аткан сон, колун артына тарс алфп барып камап салыш кк болчу, кайран гана кыз, байкуш жаш экен, жыйырмада болгону
30.11.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сумкасын алып сабактан нары Марс мн кетиптир эле кайра апасын давлениясы которулду деп чакырышыптыр аявай эле каршы болушуп туруп тынчытыптыр экоону байкуштар(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: