super.kg logo

Лейлекте чек арадан аткезчилик жол менен жарым миллион сомдук тамеки алып өтүп бараткан жаран кармалды

 

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик жол менен алынып бараткан жүк кармалды. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты.

Аталган жүк 29-ноябрда кармалган.

"Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айыл аймагында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен 1993-жылы туулган М.А. аттуу Кыргыз жараны токтотулган. Анын унаасына тинтүү жүргүзгөндө аткезчилик жолу менен алып өтүп бараткан тамекилер табылган. Унаа мамлекеттик көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн эмес. Товардын жалпы суммасы 500 миң сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Аталган кызматтан кошумчалангандай, кармалган жарандын жанында товарга болгон тиешелүү документтери болгон эмес. Жаранга административдик айып салынып, алынган жүк УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир эле ушул нерсе эмес аткезчилик менен өткөн күнүнө канчалаган жүк кирип чыгат чек арада тажиктин дагы кыргыздын дагы паграндарына 300сомдон 2000миңге чейин берсең любой жүктү өткүзүп жиберет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: