super.kg logo

Бишкектен Жумгалга 18 жаштагы кызды ала качып барып, туугандары келгиче зордуктаган деп айыпталган жаранга соттун өкүмү 7-декабрда чыкмай болду

 

Бишкек шаарынан Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып, туугандары келгиче зордукталган 18 жаштагы кыздын окуясы боюнча соттун өкүмү 7-декабрда чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүмдү Ленин райондук соту чыгарат.

"28-ноябрда болгон сотто негизи өкүм чыгышы керек эле. Бирок 7-декабрга жылып калды. Ал эми буга чейин жабыр тарткан тарап моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн кошумча доо арыз менен сотко кайрылган. Зыян жактоочулар тарабынан 500 миң сомго бааланган. Мындан улам 28-ноябрда болгон соттук отурумга айыпталуучу тарап жабырлануучуларга 400 миң сом акча берди. Ошондой эле зордуктоого шектелген жарандын туугандары элдешүү максатында ортого киши салып, кыздын жакындарынан кечирим сурап жатышканы да белгилүү болду. Бирок эки тарап кандай чечимге келишет учурда белгисиз", - деди Абдирасулова.

10-июнда Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып барып, андан соң зордуктап салганын эжеси Айзат маалымат жыйында айтып чыккан. Ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы А.Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
01.12.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
500сомго арыз жазыштыбы?! Кыздын абийри 400минге эле бааланып калабы ошондо, эх акча акча баарын чечет го чиркин.
01.12.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76,500мин окшойт ко
01.12.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип ала качпай куруп калгыла...акмактар маймнл жашоо баягы эле... тойго деген акчамын баарын берип кутулуптур да ата эне шордуу...
01.12.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапайылар, ала качкандын кесепетин коруп угуп атышсада тыйылып калышпай кайра кучошотго малга окшоп
01.12.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500сом? Адам абийири ошончо туратбы ээ?
02.12.2018. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыздыгы жок болуш керек,ошон учун акча доолашып жатышат деп ойлойм мен.
02.12.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге ала качуу эле? Зордуктаганы кылмыш эмеспи?
02.12.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча кылып бутурушот да эми. Кыз тарап тосмо арыз жазып дегендей...
02.12.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобуроок ала качып соттоло беришсин ошондо кичине тыйылат ала качуулар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: