super.kg logo

Токко урунуп, эки колу кесилген жоокердин окуясы боюнча эки кызматкер үч жылга шартуу кесилди

 

Майлуу-Сууда кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген Руслан Сапарбаевдин окуясы боюнча аскер бөлүктүн эки кызматкери үч жылга шарттуу кесилди. Мындай чечимди Майлуу-Суу шаардык соту 30-ноябрь күнү чыгарганын “Кылым шамы” уюмунун директору Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кызматкердин бири аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары болсо бири курулуш маселелери боюнча сержант болгон.

"Бул окуя боюнча эки кызматкер тең окуяга түздөн-түз тиешеси бар, өз учурунда алдын алган эмес деген себеп менен “Шалаакылык” беренеси боюнча күнөөлөнүп, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды", - деди ал.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.12.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошолордун куноосу экен.Жез (медный)кабелди жыйнап келгиле деген экен.Сатса кг 320сом
02.12.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларга шарттуу кесип коё беришет.Буларга боло берет!!!Куйөөсү подстава кылган келинди 3 айлык баласы менен 13 жылга камап жиберишкен экен го.Мыйзам бирдей качан иштейт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: