super.kg logo

"Делбирим" тасмасынын продюсери башкы каармандарды ойногон актрисалар эмне үчүн Кыргыз өлкөсүнөн тандалганын айтып берди

 

"Делбирим" тасмасынын продюсери Паризат Жакыпбекова киного эмне үчүн актрисалар кыргыз тараптан тандалып алганын түшүндүрдү.

Жакыпбекованын айтымында, "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасы тасмада эч өзгөртүлбөй чагылдырылган.

"Биз өзбек кинематографиясына кино тартуу боюнча кайрылганыбызда алар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан тасма тарталы деген сунушту айтышты. Биз да колдодук. Эмнеге "Делбирим?" Анткени тасмада сүйүү бар, ал эми сүйүү деген бүтпөгөн тема эмеспи, биз дагы алгачкы тасманы сүйүүдөн баштоону чечтик. Ошол себептен ушул тасма тартылды.

Тасмага кыргыз актрисалары жана өзбек актёрлору тандалганда кыргыз мырзалары кызганыч менен карашты. Чынын айтканда мага карата коркутуулар да болду. Эми биздин жазуучубуз чыгарманы улутка бөлүп жазган эмес. Балким, келечекте бул кинодогу баш каармандын ролун америкалык актёр, актрисалар жаратышы мүмкүн. Андыктан ызы-чуу жаратуу туура эмес деп ойлойм. Аселдин ролуна 50гө жакын актрисалар кастингге келишкен. Иргелип жатып аягында эки гана актриса калган. Аселдин ролун профессионалдуу бардык жагынан төп келген актриса ойношу керек болчу. Тасманын режиссёру Сарвар Каримов кастингди өз көзөмөлүнө алып, эки тараптын көркөм кеңешинин тандоосу менен Мадина Талипбек тандалды.

Ал эми "Элина Абай кызы эмнеге Аселдин ролун жараткан жок" деген суроолорго жооп бере кетсем, Элина Абай кызы, биринчиден, Кадичанын ролун абдан мыкты деңгээлде аткарды. Экинчиден, бул ролго Элинанын жашы туура келген жок. Ал да Аселдин ролуна кастингге келген, бирок жаш көрүнгөнү менен тасмада Аселдин жаш кезиндеги образына туура келбей калмак. Бул жагына басым жасалганда Мадинанын курагы да туура келип тандалды. Бирок Элина бул жолку тасмада терс каарманды аткарып, дагы бир жолу профессионалдуулугун көрсөтө алды десек болот.

Ташкентте "Делбиримдин" бет ачары болуп жатканда режиссёр Сарвар Каримов мага келип "Мен Мадинадай актрисаны Өзбекстанда таба алышым мүмкүн беле? деп суроо салды. Ал сөздү мен Мадина "Мыкты актриса" деп аталгандан кийин түшүндүм", - деди Жакыпбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
04.12.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыздар!дагыда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан кино тартуунуздарды кандайсын!
04.12.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kansuluu,каалаймын!
04.12.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
эн туура актерлор мыкты озунун кесибин билген и актрисаларда...анан не тамашоунун балдарын тарсынбы сабатсыздарды кинонун баркын кетирип..
04.12.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге кыргыз жигиттери чычалашат. Наоборот сыймыктанышпайбы чынгыз атабыздын кинолорун коншулаш мамлекеттер кызыгып тартып жатканын
04.12.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Өзбек жигиттери жагып калганго биздин айымдарга)).
04.12.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIA-TOO,бул эмне дегендик...
05.12.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIA-TOO,kep jagyp kalgan da emes,bul da bolso kinonun ozgocholugu
04.12.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурунку советский жамийланы Наталья Аринбасарова аткарган бул жерде улут важно эмес го дейм, мисалы гректердин кинолорун америктер тартып жүрүшөт го. Кино Совет маалында болгон, так что улут не важно ким тартылса да.главная кино жакшы чыкса болду.муну эртең увидемся.
04.12.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kani-esen, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
04.12.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино жакшы тартылган бирок калпак эмес допу кийип алганы иренжитти
04.12.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек актер жигити (азыр улгайып калды) кыргыз киносуна тартылган бир фильмден коргом.
07.12.2018. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кино тартсам делбиримди Голливуд актёрлорун тартмакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: