super.kg logo

"Клип тарттырып жатканда шамал болуп, чач жасалгабыз бузулуп, көп ыңгайсыздыктар болду" дейт "Супер хитке" "Ак кеме" чыгармасы кошулган "Добулбас" тобу

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна "Добулбас" тобунун "Ак кеме" чыгармасы кошулду. Чыгарма тууралуу топтун мүчөсү Ильяс Кудретов кыскача буларды айтып берди.

"Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ушул чыгарманы жаздырдык. Клипти күн сууп калганда Ысык-Көлдө тарттырганбыз. Клип тартылып жатканда шамал болуп, чач жасалгабыз бузулуп, бир топ ыңгайсыздыктар орун алды", - дейт Кудретов.

28-НОЯБРДАН 5-ДЕКАБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Жийдеш Идирисованын "Наринай" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" видеокомпозициясы ээлеген.

8-орун - Добрдун аткаруусундагы "Бир айым" аталышындагы чыгармасына буюрган.

7-орунду - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" клиби камсыздаган.

6-орунду - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы ээлеген.

5-орунда - Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" видеокомпозициясы жайгашкан.

4-орунду - Гүлзат Мамытбектин "Кыргызым менин" чыгармасы камсыздаган.

3-орун - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" клибине буюрган.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү композицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: