Эркин Мукашев 3D фильмге саундтрек жазды
Баарыбыз cүйүп угуп, учурунда хит ырлардын катарын толуктап, азыр да уккан кулакты сүйүнткөн “Жамгыр астындагы бий” (“Танец под дождём”) ыры баарыбыздын эсибизде болсо керек. Ошол ырды ийине жеткире аткарган таланттуу ырчы Эркин Мукашев жаңы жылда жарыкка чыга турган “Ырахаттуу маал” (“Бархатный сезон”) деген 3D форматында тартылган кыргыз тасмасына эки саундтрек жазганын кабарлады. “Жакында эле “Турналар (“Журавли”) аттуу жаңы ырыма клип тарттырып, күйөрмандарыма тартууладым. Эч качан чыгармачылыгымды солгундатпайм, дагы да талбай эмгектене берем”,- дейт Эркин Мукашев.
Автор: Асел Асанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.