super.kg logo

Унаасын түртүп бараткан адамды сүзүп кетип өлүмүнө себепкер болгон айдоочу Ак-Суу райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон

 

Чүй облусунда жолдун боюнда бузулуп калган унаасын түртүп бараткан айдоочуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаран Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 3-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 33-чакырымында түнкү саат 02:20 чамасында болгон. Анда жолдо бузулган унаасын түртүп бараткан Кегети айылынын 18 жаштагы тургунун Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, эч кандай жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада С.Б. аттуу жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган. Буга чейин белгилүү болгондой, бул кылмышка шектелип 4-декабрь күнү Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1955-жылы туулган О.А. аттуу Дмитриевка айылынын тургуну кармалган.

"Окуя болгон күнү кылмыш иши козголуп, шектүү катары 63 жаштагы О.А. кармалган. Кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында рулда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында иштеген адам болгону тууралуу маалымат ачыкталган. Мындан улам көзөмөл камераларына түшүп калган видеолордун баары иликтене баштаган. Натыйжада рулда улгайган адам эмес, жаш эле адам отурганы аныкталган. Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ак-Суу РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 1982-жылы туулган О.М. кармалып, суракка алынды. Ал кылмышты жасаганын моюнуна алды", - деп жазылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
06.12.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Органда иштегендер ушундай бир кыжырга тийип одурандап баардыгынын кожойунундай болуп айдашат тим эле !
06.12.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баракелде!!! Жол кыймылы коопсуздугун сактоочу башкы чиновниктер оздору адам олтуро сузуп, анан жардам корсотпой качып кетип жатса, Сокенин кадр маселесине кеп жок вообще.....
06.12.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CEO1,соке не кылсын эми тобо суйлой берет экенсинда. Соке айылдагы милиция мугалимдер врачтардан бери алмаштырмак беле. Ким мыйзам бузса озу жооп беретда соке кыл депби тобо. Берки президенттирдин учурунда алдам олтуру болбой бейиште жашап журуп тозоко тушуп калгандай эле соке соке дей берет экен
06.12.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
CEO1, тоогуң жумуртка туубаса да Сокеден көрө бер эми
07.12.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CEO1, Сендейлер эми аялын торото албаса да Соке куноолой берет
07.12.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CEO1, Туалетке жетпей калдым.. Соке күнөөлүү хе хе..
06.12.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жазасын алсын башка жарандардай эле, органда иштемектен асмандан тушсо да.
07.12.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмакты суротун чыгарып эл алдына коюу керек го. Жол кыймылынын кызматкери ушул ишти жасаса реклама болсун элге. Ошондо он жыйынтык болот. Азыр эмне, аты жону АБ деп эле аталып, анан жен ичине суйлошуп чыгарып коюп атышат. Анын фамилиясы ачык аталса эмне бироо атып кетмек беле. Сабак болмок элге.
08.12.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Ким куноолу??О.А.или.О.М..или
О.Ш..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: