super.kg logo

Бишкекте жүргүнчүлөрүн зордуктоого аракет кылган таксисттен жабыр тарткандар изделүүдө

 

Бишкекте унаасынан 3 жүргүнчүсүн зордуктоого аракеттенген таксисттен жабыркагандар изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардарларын зордуктоого аракеттенген таксист 27-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Анын үстүнөн жазылган арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, ал 2 айга камакка алынган.

"Окуя тууралуу видео тарагандан кийин жабырлануучу өзү милицияга келип арыз жазган. Андан соң 49 жаштагы Б.Ч. аттуу таксисттин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттеринен жабыркаган дагы 2 шаар тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Эгер анын мындай мүнөздөгү аракеттеринен башка дагы жабыркагандар болсо Октябрь РИИБине же (0559) 10-27-92 номуруна кайрылса болот", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Мындан бир нече күн мурун социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн. Видео тараган соң таксист милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, андан кийин анын үстүнөн дагы 2 аял арыз жазышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.12.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХ мындайлаоды.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-07 08:02:42
07.12.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgda, провокациялык маанидеги билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
06.12.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге издейсинер арыз берген болсо ошол эки аялдын арызы жетпей жатабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: