Ырчы Кундуз Канатбек кызы 2019-жылы эне статусуна ээ болот. Келе жаткан жылы дагы кайсы белгилүүлөр наристелүү болушат?
Ырчы Кундуз Канатбек кызы жаңырган жылдын жаз мезгилинде эне статусун алат. Дагы шоу-бизнестин кайсы өкүлдөрүнүн үйүндө наристе үнү жаңырып, жентек той орун алат? SUPER.KG порталы толуктоо күтүп жаткан белгилүүлөрдү тизмектеп көрдү.
Кундуз Канатбек кызы үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жатканын айтып: "Учурда кош бойлуулуктун канчанчы айында экенимди так айтпай эле коёюн. Буюрса, 2019-жылы жаз мезгилинде үй-бүлөбүздө толуктоо болот", - деп кубанычы менен бөлүштү.
Шоу чөйрөнүн таттуу түгөйлөрү Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова доңуз жылында тун наристелүү болушат.
Ал эми 2019-жылы шоумен Санжар Мыкыев экинчи ирет, ырчы Султан Садыралиев үчүнчү жолу ата болушат.
Мындан тышкары ырчы Айпери Кубик кызы, продюсер Назира Бактыбекованын үйүндө наристе үнү жаңырат.
Ошондой эле ырчы Айгерим Расул кызы үй-бүлөсүндөгү толуктоо Жаңы жылга чейин же жыл жаңырганда болорун билдирди.
кошулду


Эмнегедир акыркы убакта Айгерим Расул кызы тороду болдукенбии деп издейм
Кундуз качан чыккан турмушка. Азамат, элдей болуп жарыя кылбай, акырын куруп жаткан экен шаарды.
Аман эсен көз жарып алгыла!