Бишкекте окуучу кызды алдап сөйкөсүн чечип алган 19 жаштагы эки кыз кармалды
Бишкекте 19 жаштагы эки кыз алдамчылык боюнча кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, Октябрь РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда кызынын кулагындагы алтын сөйкөсүн белгисиз эки кыз чечип алып качып кеткенин жазган.
Бул факты боюнча Октябрь РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козгоп, шектүү катары 19 жаштагы М.А. жана Т.К. аттуу кыздарды кармашкан. Ошол эле учурда РИИБге жогорудагы окуяга окшошкон 5 арыз келип түшкөн. Учурда алдамчылыкка шектелген кыздар эки айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.
Октябрь РИИБи сүрөттөгү кыздардан жабыркагандар болсо төмөндөгү номерлерге чалууну өтүнөт.
Телефон номерлер: (0553) 102-243, (0703) 00-36-00.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Саламатсызбы, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.