super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Үй-бүлөдөгү коломтону өчүрбөй, ынтымактуу жашаганга үндөгөн "Бажарики-2" тасмасы SUPER.KG порталында

 

Үй-бүлө кургандан кийин коломто очогун өчүрбөй, ынтымактуу жашаганга үндөгөн "Бажарики-2" тасмасы SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү. Бажалар кайнатасынын 50 жашын белгилегенден кийин дагы бир той уюштурууну пландашат. Кайненеси менен кайнатасынын баш кошконуна 30 жыл болгонун Ысык-Көлдөн уюштууруну колго алышат. Бирок кайненеси менен кайнатасы ага чейин эч кимге айтпай ажырашып кеткен. Кечеге келген кайнене менен кайната ажырашып кеткенин айтууга ыңгайлуу убакытты күтүшөт. Бирок капысынан эле кайната сууга түшүп, дайынсыз болуп кетет.

Продюсердин айтымында, тасманын экинчи бөлүгүн тартуу биринчи бөлүгүн тартууга караганда бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон.
"Тасманы 3 айдын ичинде Ысык-Көл облусунда тарттык. Чынын айтсам, киного бөлүнгөн бюджет бир аз тартыш болгонуна карабай, биз ойлогондон да көбүрөөк каражат кетти. Тагыраагы, 50 миң доллар жумшалды. Тартуу учурундагы эң эсте калганы тасмадагы бажаларга ноябрдын суугуна карабай көлгө түшүүгө туура келди. Ушул съёмкадан кийин актёрлорубуз ооруп калат го дегенбиз, Кудайга шүгүр, эч кимиси оорубай тартуу иштерин уланттык", - деген ал.

"Бажарики-2" тасмасына Амантур Ормуков режиссёрлук кылса, продюсери Нурлан Жаныбеков болгон. Ал эми башкы ролдорго аталган фильмдин биринчи бөлүгүнө тартылган актёр, актрисалар Жоробек Аралбаев, Улан Жумабаев, Улан Барпиев, Максат Үсөнов, Атай Өмүрбеков, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов, Нуриза Бектурова жана башкалар тартылышкан.

"Бажарики-2" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
10.12.2018. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстада 312kg жылдын суперлери деп уткандар журушот го а неге силерде 22 декабрга чейин деп журот
10.12.2018. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шилтемеңер жокко?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: