super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бала-бакчага электрондук кезекке туруу үчүн арыз толтурсак "базага түшпөптүр, билген жериңе бар" деп коюшту" дейт окурман

 

Бала-бакчага электрондук кезекке турууда маселе жаралганда тийиштүү мекемеге кайрылсак, "билген жакка кайрылып, маселеңерди чечип алгыла" деп жооп берди.

Мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Бишкек шаарынын тургуну жиберген.

Анын айтымында, кезекке туруу үчүн атайын ачылган интернет баракчадан толтурган арызы тиешелүү кызматтын базасына келип түшкөн эмес.

"Интернет баракчадан электрондук кезекке туруу үчүн арыз толтурганбыз. Качан кезек келерин билүү үчүн Ленин районуна караштуу сурап-билүү телефонуна чалсак, чалууга жооп берген Элиза аттуу кызматкер орой жооп берип, биздин арыз компьютерге келип түшпөгөнүн айтты. Себебин сурасак, "сиздин арызыңыз "спам" же "корзинкага" келип түшкөн болушу мүмкүн" деп жооп берди. Эмне себептен андай болгонун так түшүндүрүп берген жок. "Билген тарабыңарга кайрылып маселеңерди чечип алгыла" деп телефонду коюп койду. Арыздын келип түшпөгөн себебин жакшылап түшүндүрсө, тиешелүү жактарга кайрылып, ката кеткен болсо оңдобойт белек?

Бул кандай мамиле? Мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин жарандарга болгон мамилеси ушундай болсо, анда билбейм. Бизге окшогон башка жарандардын дагы арыздары келбей калса, алар да кезекке тура албай калышабы?" - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.12.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Он миң берсе сразу киргизип атат бакчага
07.12.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уулум жашы жетип турса да спонсор бол деп, 18 банка краска алдырды. Ал 4700 сом болду. Кызым жашы жете элек деп 5000 сомду эсептеп бердим. Кана эми үйдө эле бала караган адам болсо. Айла жок берип жатам садикке...
08.12.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздикида базага түшпөй калыптыр
08.12.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сураныч айтыныздарчы кайсы сайтта толтурат арызды баламы садикке бериш кнрек ош шаарында турам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: