super.kg logo

Чүйдө эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн 2 жаштагы бала чарчап калды. Аны апасы таанышына таштап Орусияга кеткен

 

Панфилов райондук ички иштер бөлүмү ушул жылдын 28-ноябрында эртең менен ооруканада чарчап калган баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Панфилов райондук милиция бөлүмүнө аймактык ооруканага 2016-жылы туулган Х.О. аттуу бала эс-учун жоготкон абалда жаткырылгандыгы, анын денесинде көптөгөн тактар бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ ооруканага келип, акыркы убактарда наристе менен жашап жаткан 32 жаштагы аялды суракка алышкан. Сурактын жүрүшүндө баланын өзүнүн апасы 42 жашта экендиги, ал Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон. Ал эми наристени убактылуу кароого алган 32 жаштагы Э.С. күйөөсү менен ажырашып кеткен, өзүнүн да 3 баласы бар.

"Алар Кайыңды шаарында 2017-жылдан бери туугандарынын үйүндө жашап келген. Чарчап калган баланын апасы менен Э.С. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында жашап жүргөндө таанышкан.

Андан кийин экөө курбу катары тааныш болуп, ушул жылдын ноябрь айында баланын апасы Э.С.га баласын таштап, өзү Орусияга кеткен. Аны багып жаткан аял мындан бир нече күн мурун бала 2 кабаттуу керебеттен кулап кеткенин, 28-ноябрда эртең менен эсин жоготуп койгонун айткан. Андан кийин Э.С. тууганына чалып, өзү баланы алып ооруканага алып келген. Ал жерден наристени дароо жандандыруу бөлүмүнө кабыл алышкан.

Бул окуяны уккандан кийин баланын апасы Орусиядан кайтып келген. Ал учурда наристе Бишкек шаарындагы аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок абалы начарлап Эне жана баланы коргоо борборуна которулган. Дарыгерлердин көргөн аракеттерине карабастан, 6-декабрда наристе эсине келбей каза болуп калган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле анда бул боюнча Ленин райондук милиция бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө тобу соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Алдын ала айтылган жыйынтыктар боюнча, бала денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Ал эми Э.С.га карата психиатриялык экспертиза дайындалган.

"Панфилов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп кошумчаланат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
08.12.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
О орусиян менен омуран кал. Канча наристе сагынуу, күтүү, кордук менен балалыгын өткөрүп жатышат
08.12.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо кылдым кандай эне болду бул? Бир туугандары жакшы карап бералбай атат анан кайдагы таанышына таштап салып кете бергенге кандай журогу чыдады экен. Ал курбусу куйоосу менен ажырашса стресте болуп кучун ушул байкуш баладан чыгарса керекда.
08.12.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кантип таштап кетти экенда курбусуна. Биз бир кунго садикке таштап кыжалат болуп кетем кечке чейин кантти экен деп
08.12.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акча Акча деп кийинки келечеке карабай калдык. Ойлойбуз акча тапсак, кийинтсек, курсагы ток болсо болду деп. Бирок ал тарбия албаса, биздин акча тапканыбыз Бир тыйын.
08.12.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ошол Орусияга таштап кеткен эне соройду камаш керек. Апа деген ат сенден айлансын наадан..... акмак короче соз табалбай калдым. ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-08 12:47:48
08.12.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mars575,Атасычы атасы кайда наристенин , эмнеге энесин сразы камаш керек дейсинер, может баласын баласын деп айла жоктон кеткендир, атасында таап камаш керек анда, андай безответсвенный акмакты, аталар колокодо калып калышат мындайда, шумшуктор
08.12.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туугандар,бул да болсо жокчулуктун айынан болсо керек.Бирок баланы таштабай эле койсо болмок экен
08.12.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олоорчо сабап анан кроватка шылтап атса керек да,энесинин да журогу тоодой экен да,чала тааныш бироого тащтап кеткени,таза болбосо дет домго тащтаса болмок,кийин келип алып кетем дер. Эми айтканда эмне,бала каза болуп калыптыр
08.12.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россия десе эле эки бутун колуна алып чуркашат,а балаң кичине болсо эмне кетесиң таштап,туугандан кийин анын жоопкерчилигин да ойлош керек да,жат бирөө жарытат беле бирөөнүн баласын.энесин жоопко тартыш керек
08.12.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруйт
Эмне мынча сабырсызбыз
Бар нерсеге шугур кылып жашасак больойбу?
Наристени таштап акчага умтулабыз
08.12.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай көр.
Уулумду санаторияга бергенде 21күндүн ичинде бир жолу гана көргөнү барууга болот экен. Үч күн араң чыдадым үчүнчү күнү чыдабай күйөөм экөөбүз тең көргөнү бардык. Барсак балам азып түнөрүп калгандай көрүндү, ал күнү алдап ыйлатып таштап үйгө келдик. бирок олтура албадым араң таң атты. Күйөөм азыр келем деп чыгып кетти бир убакта машина сигнал берет чыксам баламды кийимдерин тапканын алып баламды алып келе бериптир кагаз жазып койуп Баланы таштап жүрүү кыйынго.
09.12.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жаштагы балада эмне күнөө? Оо Кудай, наадандардын жазасын бере гөр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: