super.kg logo

2 жаштагы баласын таанышына таштап Орусияга кеткен аялдын наристеси чарчап калды. Эне таанышынын үстүнөн арыз жазуудан баш тартууда

 

Панфилов районундук ооруканасына эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн эки жаштагы наристе чарчап калып, факты боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиева баланын 42 жаштагы өз апасы аны багып жүргөн 32 жаштагы аялдын үстүнөн арыз жазуудан баш тартып жатканын SUPER.KG'ге 8-декабрда билдирди. Бирок экспертизанын жыйынтыгы менен ал аялга карата юридикалык баа бериле турганын белгиледи.

"Учурда баланын өлүмү боюнча бүт тийиштүү адамдар суралып жатат. Ал эми баланын өз апасы аны багып жүргөн аялдын үстүнөн арыз жазуудан баш тартууда. Бирок дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыгары менен юридикалык баа берилип, ал аялдын баш коргоо чарасы каралат", - деди Имангазиева.

Облустук милициянын маалыматына караганда, бала 28-ноябрь күнү ооруканага жаткырылган соң денесинде тактар бар экендиги жана апасынын таанышынын үйүндө жашап келгени белгилүү болгон. Ал аял милицияга баланын апасы ноябрь айынын башында Орусияга кетип, ошол учурдан бери багып келгенин жана керебеттен түшүп эс-учун жоготуп койгонун айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
08.12.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кудай сакта. Балага боорум ооруп ичим ачышып жатат.
08.12.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдар кайда баратабыз оз баласына куйбогон кандай эне экен арыз жазбаган. Апасын кошо камаш керек балага кайдыгер караганы учун. 2 жаштагы бала ото кичине да бироого таштаганга.
08.12.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жаш баланын атасында жоопко тартсын атасы багып караганда,апасыда иштеп акча тапканы кетпейт болчу баласын таштап .
Жоопкерчилик деген жок болуп баратат кээ бир эркектерде!!!
08.12.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баккан аял эмес баланын ата энеси жоопко тартылсын. акча деп ким корунгонго тили чыга элек баласын таштап кетишет.Каарыдарды карылар уйуно таштагандарга жана жаш балдарын ар кимге таштар Москвалап кеткендерге тыю салса жакшы болмок.Бир нерсе десе эле кор оокат деп чыгышат жегенге нан кыргызстандан деле табылат.
08.12.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таштаган апасын, карайм деп алып калган аялды жоопко тартыш керек. Кантип таштайт жакшы тили чыга элек баласын бироого? Баланын убалы уктатпасын акмактарды. Керебеттен тушуп кетсе эле чарчап калабы? Байкушту сабады да, кантип кичинекей периштени урганга дити барды? Акмактар, акмактар жакшылык корбогуло.
08.12.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркек сөөрөйлөр жатканды билгенден кийин бакканды да унутпаса... Эң чоң күнөөнү атасы тартсын.
09.12.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу бошмун.Биз да барабыз ,андыктан азыртадан даярданалы мусулман бир туугандар.
09.12.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: