super.kg logo

35 жашка толгон Аалы Туткучев биринчи жолу туулган күнүн белгиледи. Кечени төкмө акынга айтпай өкүл балдары уюштурган

 
Аалы Туткучевдин өкүл балдары
Аалы Туткучевдин апасы Сабира Туткучева
Досунун чакыруусу менен келген акын сюрпризди күткөн эмес
Акын апасын кучактап, көзүнө жаш алды
Акындын өкүл балдары булгаарыдан отургуч белекке беришти

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев бүгүн, 9-декабарда 35 жашка толду. Анын урматына акындын өкүл балдары майрамдык кече уюштуруп, сюрприз даярдашты. Алар акынга айтпай Бишкектеги тойканалардын бирине чакан дасторкон жайып, Туткучевдин туугандарын, досторун чакырып, майрамдык кече өткөрүштү.

"Атабыздын аты Аалы,

Жакшы көрөт баары,

Эл ичинде дайым,

Аман болсун жаны.

Негизи атабыз өзүнүн туулган күнүн белгилегенди жактырбайт. Ошентсе дагы жарык дүйнөгө келген күнүндө жакшы маанай тартуулайлы деген максатта кече уюштурдук. Бирок анын кабары жок. Атабыз менен апабыз Жазгүл Жамангулованын 25 өкүл бала, кызы болсо, анын 13ү Бишкекте. Былтыр чалып куттуктаганымда "экинчи куттуктаба" деп урушуп койгон. Бүгүн тилдебейби деп коркуп турам", - дейт өкүл баласы Канай Анаркулов.

Белгилей кетсек, Аалы Туткучев өмүрүндө биринчи жолу туулган күнүн өткөрдү. Аны жакын досу Өмүрзак Кайыпов "кайненемдин тоюна барып, конок болуп отуруп бер" деп алдап чакырган. Белгиленген убакытта кеченин күнөөкөрү эшикти ачып кирип келди. Аны залдагылар ордунан туруп куттуктап, тосуп алышты. Таң кала түшкөн акын "баарыңар калпычы экенсиңер" деп тамашалап күлүп, жылуу кабыл алды. Андан соң акындын апасы Сабира Туткучева баласына каалоо-тилегин айтып, кучактады. Сүйүнүчтөн акын көзүнө жаш алды.

"Аалынын туулган күнүн капыстан белек кылып беребиз деген идея жубайы Жазгүл тарабынан айтылды. "Сизди калпычы кылгыбыз келип турат. Аалыга эч нерсе айтпай алып келип бериңиз" деп суранды. Мен калп айта албасам дагы макул болдум. Калпты ойлоп табуу өзүнчө маселе болду. Кудай өзүң кечир деп туруп, Аалыга кайненемдин юбилейине ырдап эмес, конок болуп отуруп берчи деп сурандым. Ал макул болду. Ылайыктуу болуусу үчүн бир жума мурун айтылган. Бирок Аалыны алдаш өтө кыйын. Билип калса керек деп ойлогом, билбептир. Демек, менден жакшы "аферист" чыгат экен", - деп күлөт Өмүрзак Кайыпов.

Кеченин жүрүшүндө акындын өкүл балдары "жылкы берели десек, күлүгүңүз бар экен, ага токулга берели десек, андан баалуу ат жабдыктарга бай экенсиз" деп булгаарыдан жасалган отургуч белекке беришти. Ал эми өзүнүн майрамын капыстан өткөрүп жаткан Аалы Туткучев туулган күнүн уюштуруп берген өкүл бала, кыздарына ыраазы экенин айтты.

"Бүгүн 35 жашка толдум. Буга чейин бир да жолу туулган күн тоскон эмесмин, мага бул күндү белгилеген жакпайт. Төрөлгөн мен эмес, төрөгөн апамды куттуктачумун. Телефонумду өчүрүп, ат минип кетип калчумун. Бул жолкусунда Өмүрзак байке тойго чакырып, сүйүнүп алгам. Келгенче кайненеси тууралуу маалымат чогултуп, сурап келгенимди кантейин. Келсем эле баары туруп алып кол чаап жатса же чыгып кете албай же ары кирип кете албай, эч нерсени түшүнө албай туруп калдым. Мурда моюн берчү эмес элем, бирок өкүл балдарым күчтүү экен. Кантип барып төргө отуруп калганымды билбей калдым. Балдарыма рахмат", -деди Туткучев.

Майрамдык кече кандай өткөнүн толугу менен эртең SUPER TV даярдаган видеорепортаждан көрө аласыздар.






Туулган күндү белгилөөнү жактырбаган Аалы Туткучевге өкүл балдары сюрприз жасашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
09.12.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүл балдары бүт эле гюленчилер окшойт кашайып.
09.12.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIA-TOO,коойчай
10.12.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ZMirbek.4455, Аалы гюленчида.
10.12.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIA-TOO,Анын эмнеси бар экен. Тимеле гюленчи деп. Кыргыз-түрк окуу жайында окуп койсо эмне гюленчи деп бөлүп коюш керекпи. Бөлүнүүнүн дагы бир түрү пайда болдубу же бизде. Өтө тартиптүү адамдар бирок ошол окуу жайды аяктаган адамдар
10.12.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
AIA-TOO, кандай мааниде глючен?
09.12.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омурун узун болсун Аалыке!!!окул балдарына ракмат,ушундай сюрприз уйуштурган балдарындын убайын кор,ийгилик сага!!!
09.12.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ии омуру узууун болсун! Аалыны мен экинчи Токтогул деп билем!!!Окул балдары молодцы!!!!!
09.12.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай молодецтер!Азаматсынар!Мага да жагат оригиналдуу"сюрприздер".Бактылуу адам экенсин Аалы иним!Окул балдарын да коп экен.Окул уулдарын жетоо болсо Бейишке чыгасын деп коюшат.Катардан калбай биз да куттуктайбыз!Омурун узун болсун!Туулган Кунун менен!
09.12.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аалы Туткучев менен сыймыктанам!Коп жашасын!
09.12.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кем болбоң Аалы байке сизге чын ден соолук үй бүлөлүк бакыт сизди сыйлаймын талантыңызга таазим кем болбоң узак жашаңыз
09.12.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдын нуру тушкон Аалы агабыз!Бар болунуз!Сыймыктанабыз!
10.12.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен сыйлаган акын
10.12.2018. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aidinaernur,сен эле эмес элдин баары сыйлайт
10.12.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарыбыз сыйлайбыз! Аман болсун уй булосу, эл -журтубуз менен.
10.12.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куттуктайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: