super.kg logo

SUPER TV: Тайгаланып кулаган Данияр Эрматов, Нурлан Насип жана башка атактуулар муз үстүндө таймашты

 

SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Бул ирет белгилүү жылдыздар муз аянтчада таймашты.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин атактуулар бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндары жана тоскоолдук тилкесинде таймаш өткөрүшкөн. Ал эми соңку ирет калаадагы оюн-зоок клубдарынын биринде таймашкан.

Ал эми бул жолу ырчылар Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Данияр Эрматов, Нияз Абдыразаков, Иса Өмүркулов, Аскат Мусабеков, Роза Шакирова, Гүланда, Алиса жана Назми Байзакова, "Жебе" тобунун мүчөсү Минур, актёр Болотбек Тилек катышты.

Атактуулар эки командага бөлүнүп, "Эгоист" жана "Мамалак" деген аталышты тандашты. Андан соң 3 бөлүктөн турган оюн старт алды.

Биринчи бөлүктө командалар эстафета түрүндө жарышка түштү. Мында ырчы Данияр Эрматов тайгаланып кулап калды. Мунун себебин ал коньки тепкенди жакшы билбегендиги менен түшүндүрдү.

Экинчи бөлүктө хоккей оюну орун алып, ага 15 мүнөт убакыт берилди. Таймаш өтө кызуу жүргөндүктөн, катышуучулар тердеп да чыгышты. Бул бөлүктө ырчы Иса Өмүркулов тайгаланып кулады.

Ал эми соңку бөлүктө буллит (шайбаны дарбазага киргизүү) орун алып, ар бир команданын катышуучулары шайбаны атайын коюлган дарбазага киргизүүгө бел байлашты.

Муз үстүндө коньки тебүүнү Гүлжигит Калыков, Аскат Мусабеков жана Иса Өмүркулов өзгөлөрдөн мыкты өздөштүргөнү байкалса, ырчы Алиса биринчи ирет муз аянтчасына келгенин айтты.

Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди жана кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.


кошулду





Коркок хоккей ойнобойт! Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков баштаган жылдыздар коркпой хоккей ойношту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
10.12.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болгон окшойт видеосу канааа
12.12.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86, саламатсызбы! Жогоруда турат, карасаңыз.
10.12.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блиин коньки тепкен каайф болсо керек ээ
12.12.2018. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
datkayimjan, жоок, андан да "кайф" нерселер бар.
13.12.2018. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek_tash,)) олтурдунго))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: