super.kg logo

Орусиядагы жол кырсык Өзбек, Тажик жана Кыргыз жарандарынын өмүрүн алды

 

Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгынан бир Өзбек, бир Тажик жана эки Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-декабрда саат 14:50 чамасында Рязандын Шилов районунун Крутицы конушунда "Урал" федералдык трассасынын 279-чакырымында орун алган. Каза болгон Кыргыз жарандары: 37 жаштагы Р.А. Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну жана 41 жаштагы К.А. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну.

Р.А. Митсубиси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, башка унаа менен сүзүшкөн. Учурда анын туугандары сөөгүн алып кетүүгө даярданышууда. К.А. аттуу жарандын туугандары учурда аныкталып жатат.

Орусиянын аймактык тергөө бөлүмү бул жол кырсыгы боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
11.12.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жайы жаннаттан болсун.
11.12.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Туптуз жолдон катуу ылдамдыкта келишкен го чамасы. Каап бейиши болсун талаа туздо тынч аман кетсек экен мекенибизге. Ииий ким эле олуп калайын деп айдайт эле баары мусуоман бир туугандар экен конул айтам бейиштери болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: