super.kg logo

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын 8-эл аралык кинофестивалы өтөт

 

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын 8-эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, кыска метраждуу тасмалар фестивалына КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышат. Фестиваль 12-декабрдан 15-декабрга чейин уланып, анда даректүү, көркөм жана анимациялык тасмалар көрсөтүлөт. 15-декабрда кинофестивалдын улуттук жана эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын сыйлыгы" жана "Элдик тандоо" деген сыйлыктар менен сыйланат. Быйыл кинофестивалга чет элдик жана кыргыз кинорежиссёрлорунан 500дөн ашуун арыз келип түшкөн.

Кинофестиваль өлкөнүн маданий турмушунда зор мааниге ээ, жаш кинорежиссёрлордун чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө, көрүүчүлөрдүн кесиптик киного болгон түшүнүгүнүн өсүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланышты бекемдөө жана бул биргелешкен долбоорлордун алкагында кызматташууну өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет. Кинофестивалда көрсөтүлгөн тасмаларды КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн белгилүү кино режиссёрлору Рашид Маликов, Сатыбалды Нарымбетов, Александр Соломонов, Сафар Хакдодов жана Нурлан Абдыкадыров баалашат. Кинофестиваль 2010-жылы коомдук ишмер, режиссёр, продюсер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: