super.kg logo

ТЕСТ: Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин табылган чыгармасынын аталышы кандай?

 

"Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?"

Чыңгыз Айтматов - бүгүнкү күндө ар түрдүү улуттагы, ар түрдүү диний, саясий ишенимдеги ар түрдүү кесиптеги жана ар кыл жаштагы миллиондогон окурмандардын сүйүктүү жазуучусу.

"Жамийла", "Бетме-бет", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт", "Кассандра тамгасы", "Кылым карытар бир күн", "Тоолор кулаганда" - булардын ар бири таасирдүүлүгү, жан дүйнөнү күүгө келтирер көркөмдүгү менен окурмандын турмуштук тажрыйбасын байытып, түшүнүгүн арттырат.

Жазуучу көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Кыргыздын сыймыгы тууралуу кызыктуу фактылар жөнүндөгү тесттен билимиңизди сынап көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Чыңгыз Айтматов атасы Төрөкул Айтматовго кайсы чыгармасын арнаган?

"Саманчынын жолу" повести төмөнкүндөй кириш сөз менен башталат: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам, Төрөкул Айтматов, сага арнаймын".

Кийинки суроо


"Ак кеме" повести
"Эрте келген турналар" повести
"Саманчынын жолу" повести
"Кыямат" романы

Чыңгыз Айтматовдун апасынын аты ким?

Залкар жазуучунун апасы Нагима ага кичинекей кезинен тарта жомокторду окуп берип, уулунун жазуучулук шыгынын ойгонушуна түрткү болгон.

Кийинки суроо


Нагима
Керез
Мария
Света

Айтматовдун канча уул, канча кызы бар?

Чыңгыз Айтматовдун Санжар, Аскар, Эльдар деген үч уулу жана Ширин аттуу кызы бар.

Кийинки суроо


2 уул, 2 кыз
3 уул, 1 кыз
3 кыз, бир уул
4 уул

Жазуучунун атасы Төрөкул Айтматовго кандай жалаа жабылган?

Атасы Төрөкул Айтматовго "Эл душманы" деген айып тагылып, 1938-жылы атууга кеткен.

Кийинки суроо


Кылмышкер
Коммунист
Эл душманы
Жалаа жабылган эмес

Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянында ал Таластын Шекер айылында туулган деп айтылат. Бирок жазуучунун карындашы ал башка жерде туулганын айтат. Айтматов туулган шаар кайсы?

"Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Таластын Шекер айылында эмес, Жалал-Абад шаарында туулган". Мындай маалыматты карындашы Роза Айтматова 2013-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунда студенттер менен болгон жолугушууда билдирген.

Кийинки суроо


Бишкек шаары
Москва шаары
Жалал-Абад шаары
Ош шаары

Кара сөздүн алпы Айтматов алгачкы эмгек акысын эмне менен алган?

Бала кезинде Шекер айылынын малчыларынын ишин текшерүү үчүн шаардан комиссия келет. Кыргызча түшүнбөгөн комиссия менен орусча билбеген малчылардын ортосунда котормочу болгондугу үчүн Чыңгызга айыл аксакалдары чоң устукан тартуулашкан.

Кийинки суроо


Акчалай
Буудай менен
Кийим-кече менен
Устукан менен

Жазуучу өмүрүндө үйрөнө албаган 3 нерсени атаңыз...

Жазуучу өз эскерүүлөрүндө өмүрүндө 3 гана нерсени үйрөнө албагандыгын айткан. Алар: унаа айдоо, компьютер менен иштөө жана чет тилдерин үйрөнүү. Кыргыз жана орус тилин жазуучу эне тилим деп эсептеген.

Кийинки суроо


Унаа айдоо, компьютер жана чет тили
Интернет, тамак жасоо жана отун жаруу
Сууда сүзүү, улак тартуу жана комуз чертүү
Лыжа тебүү, сүрөт тартуу жана ыр жазуу

Айтматовдун китептеринин жалпы тиражы канча миллионго жеткен?

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, басылып чыккан китептери жалпы 17 миллионго жеткен.

Кийинки суроо


15
16
17
18

Жазуучунун эң көп тилге которулган чыгармасы кайсы?

"Жамийла" повести жазуучунун башка чыгармаларына караганда орус тили аркылуу чет тилдерге байма-бай которулуп, жазуучунун чыгармачылыгынын дүйнөлүк деңгээлге чыгуусуна өбөлгө түзгөн.

Кийинки суроо


"Кассандра тамгасы" романы
"Бетме-бет" повести
"Саманчынын жолу" повести
"Жамийла" повести

Кайсы эл аралык уюм 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялады?

Түрк маданиятынын эл аралык уюму 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган. Бул чечим ТҮРКСОЙ уюмунун Казакстандын Түркстан калаасында өткөн 35-жыйынында кабыл алынган.

Кийинки суроо


ЮНЕСКО
Бириккен улуттар уюму
ЮНИСЕФ
ТҮРКСОЙ уюму

Жазуучу 35 жашында “Тоолор жана талаалар” чыгармалар жыйнагы үчүн кайсы сыйлыкты алган?

Чыңгыз Айтматов 1963-жылы "Тоолор жана талаалар" жыйнагы үчүн СССРдеги эң абройлуу болгон Ленин сыйлыгын алган.

Кийинки суроо


Ленин сыйлыгы
Сталин сыйлыгы
"Манас" ордени
"Кыргыз өлкөсүнүн баатыры" наамы

Айтматовдун көзү өткөндөн кийин Москвадагы дачасынан табылган чыгармасынын аталышы кандай?

Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин Москвадагы дачасынан анын "Жер жана чоор" повести табылган. Анда Чоң Чүй каналы курулуп жаткан мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган.

Кийинки суроо


"Тоолор кулаганда" романы
"Жер жана чоор" повести
"Ак жаан" аңгемеси
"Ботогөз булак" аңгемеси

Төмөндөгү "Манас" эпосу тууралуу айтылган кайсы таамай сөз Чыңгыз Айтматовго таандык?

"Манас" эпосунун эл оозунан жыйналып, китеп болуп басылып чыгуусуна түздөн-түз салымын кошкон Чыңгыз Айтматов кыргыз фольклоруна жогорку баа берип, "Манас" эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу" деп айткан.

Кийинки суроо


"Манас" эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу"
"Манас" эпосу - кыргыздын "Илиадасы"
"Манас" - кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу"
"Манас" эпосу - кыргыз тарыхынын көөнөргүс булагы"

Залкар жазуучунун сөөгү кайсы жерге коюлган?

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы Германиянын Нюрнберг шаарында каза болгон. Анын керээзине ылайык, сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" көрүстөнүнө, атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюлган.

Кийинки суроо


"Ала-Арча" көрүстөнүнө
"Ата-Бейит" көрүстөнүнө
Таластагы туулган айылына
Мындай маалымат жок

Айтматов каза болгондон кийин анын мурасы кимдерге калган?

Айтматовдун мурасы жана чыгармаларына автордук укук, анын аялы Марияга жана кичүү уулу Элдарга калган.

Кийинки суроо


Уулдары Санжар жана Аскарга
Кызы Ширинге
Бир туугандары Илгиз жана Розеттага
Жубайы Мария жана уулу Элдарга

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(25)
12.12.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 упай алдым
12.12.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Супер инфо силерге чоон рахмат. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов агабыз тууралу кабар алып калдык.
12.12.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
54
12.12.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
94 бал
12.12.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67
12.12.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иий ола 34
12.12.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67
12.12.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 упай

12.12.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
13 жооп туура,87 балл
12.12.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
34 упай
12.12.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
87
12.12.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74
12.12.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 балл
12.12.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
100бал
12.12.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ТЕСТ: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ТАБЫЛГАН ЧЫГАРМАСЫНЫН АТАЛЫШЫ КАНДАЙ? Сиздин упайыңыз 100 ТУУРА ЖООП: 15 КАТА ЖООП: 0 ЖАЛПЫ: 15 СУРОО Азаматсыз, адабиятыбыздын алпы тууралуу мыкты билет экенсиз!
https://www.super.kg/sonku_kabar/news/256211/
12.12.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sabette, куттуктайм
12.12.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
80 упай алып озумчо жымындап калдым, бирок кээбирлерин тообокелге салсам туура чыгып калды.
13.12.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun test
13.12.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100
13.12.2018. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
13.12.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
45!! 7 тура 8 катааа
13.12.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
87
13.12.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

ТЕСТ: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ТАБЫЛГАН ЧЫГАРМАСЫНЫН АТАЛЫШЫ КАНДАЙ?
Сиздин упайыңыз

80
ТУУРА ЖООП: 12
КАТА ЖООП: 3
ЖАЛПЫ: 15 СУРОО
Азаматсыз, адабиятыбыздын алпы тууралуу мыкты билет экенсиз!
13.12.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЕСТ: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ТАБЫЛГАН ЧЫГАРМАСЫНЫН АТАЛЫШЫ КАНДАЙ?
Сиздин упайыңыз

100
ТУУРА ЖООП: 15
КАТА ЖООП: 0
ЖАЛПЫ: 15 СУРОО
Азаматсыз, адабиятыбыздын алпы тууралуу мыкты билет экенсиз!
16.01.2019. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ТАБЫЛГАН ЧЫГАРМАСЫНЫН АТАЛЫШЫ КАНДАЙ? Сиздин упайыңыз 100 ТУУРА ЖООП: 15 КАТА ЖООП: 0 ЖАЛПЫ: 15 СУРОО Азаматсыз, адабиятыбыздын алпы тууралуу мыкты билет экенсиз!
https://www.super.kg/sonku_kabar/news/256211/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: