super.kg logo

Айдоочулар төлөгөн айып пулдарды мыйзамсыз ыйгарып алуудан мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бишкекте соттун жардамчысы камакка алынды

 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылгандардын ишин кароодо жана алар төлөгөн айып пулдарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун айрым кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалып, айып пул төлөгөндөрдүн акчасын өзүнө өткөрүп алуу фактысы аныкталган. Тергөөдө Бишкектин Октябрь райондук сотунда кээ бир соттук отурумдар өткөрүлбөй, бирок өкүм чыгып турганы белгилүү болгон. Ошондой эле 1395 административдик материалдар жок кылынганы аныкталган.

Мындан сырткары ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым кызматкерлери соттун чечими чыкканга чейин эле айдоочуларга унааларын кайтарып беришкени аныкталган.

УКМК алдын ала эсептөөлөр боюнча райондук соттун айрым кызматкерлеринин анын ичинде соттун жардамчысы Д.Алмас уулунун мыйзамсыз ишинен улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин билдиришти. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттун жардамчысы тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
12.12.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айдоочулук куболугум жок болчу алган эмесмин ГАИ кызматкерлери 500сом бер деп нак эле айтып алышты
12.12.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
keba300989,ырас кылат сага окшогон окубашандардын айынан жол кырсыктары коп болуп атат
12.12.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип өзүнөрдөн баштасанар анткени балык башынан сасыйт !!!
12.12.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башчылар ушундай жерде кутулуп кетет орун басарлар калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: