super.kg logo

"Чыгармага бир эмес, эки ирет клип тартылды" дейт "Супер хитке" "Кыргызча" чыгармасы кошулган Айчүрөк Иманалиева

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" чыгармасы кошулду. Чыгарма тууралуу ырчы айым буларды айтып берди.

"Чыгарманын сөзү Асан Жакшылыковго, обону мага таандык. Чыгарманын жаралганына 2 жылдан ашуун убакыт болду. Бирок убакыт-сааты эми келген окшойт, угармандарга быйыл тартууланды. Чыгармага клипти 2 жыл мурда эле тартып баштаганбыз. Бирок клипмейкерге акчасын алдын ала берип коюп, тарттыра албай көп убара болдум. Ошентип 1 жылдан ашуун убакытта клип даяр болбой, башка клипмейкерге кайрылдым. Клиптин тартылышы көп убакытты алды окшойт, тартуу иштери 2-3 ай мурда аяктаган", - дейт ырчы.

5-ДЕКАБРДАН 12-ДЕКАБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Добрдун аткаруусундагы "Бир айым" аталышындагы чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" клиби камсыздаган.

8-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" чыгармасына буюрган.

7-орунду - Гүлзат Мамытбектин "Кыргызым менин" чыгармасы 3 баскычка төмөндөгөн.

6-орунду - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" видеокомпозициясы ээлеген.

5-орунда - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" клиби жайгашкан.

4-орунду - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" видеокомпозициясы камсыздаган.

3-орун - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунда - Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" видеокомпозициясына буюрган.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган "Добулбас" тобунун "Ак кеме" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видоеклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: