super.kg logo
  Саясат  

Депутат Икрамов мамлекеттик кызматта иштеген кош жарандуулугу бар кызматкерлерди тез арада аныктоо зарыл экенин айтты

 

Депутат Тазабек Икрамов мамлекеттик кызматта иштеген кош жарандуулугу бар кызматкерлерди тез арада аныктоо зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биз үчүн мамлекетибиздин бүтүмдүгү жана коопсуздугунан өткөн маселе жок. Ошондуктан тез арада мамлекеттик кызматта иштеген кош жарандуулугу бар кызматкерлерди аныкташ керек. Аларды ачыкка чыгарып, жарандыгынан ажыратуу зарыл. Биз тазаланууну депутаттардан башташыбыз керек. Акыркы фактылар боюнча башка мамлекеттин атуулдары чыгып жатат. Укук коргоо органдарында иштегендердин жарандыгын аныктоо шарт. Саясий партиялардын негиздөөчүлөрүн, жетекчилеринин жарандыгын кароо абзел. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда сырттан каржыланган маалымат каражаттарын түзүүчү, уюштуруучулардын жарандыгын да аныктоо керек. ЖМКлар Кыргыз мамлекетинде иш алып бара жатып, жалпы коомдун көз карашын, элди экиге бөлүп, каада-салтыбызга доо кетирип жатат. Ушул көйгөйлөр боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштайм", - деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: