Талас. Облустук ММКлардын өкүлдөрү КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы менен жолугушту
Бүгүн Талас шаарындагы "Канат-Ата" соода борборунда КТРКнын Байкоочу кеңешинин
төрагасы Фархат Бекмамбетов жана КТРКнын башкы директорунун орун басары
К.Иманалиев келип, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары менен жолугушту. Бул
иш-чара "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан “Кыргызстандагы
маалыматтык ресурстарды өркүндөтүү: Коомдук телерадиоуктурууну жана көз
карандысыз он-лайн медиаларды колдоо” долбоорунун негизинде уюштурулду. Долбоор
жарандардын жана бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн
Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн
күчтөндүрүүгө багытталган.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

