super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

 

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ага 100 депутат "макул" деп добуш берсе, 2 депутат каршы болду. 102 эл өкүлү каттоодон өткөн.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Курманкул Зулушев билдиргендей, экс-президенттерден кол тийбестик укугу алынып салышы керек.

Буга чейин демилгечилердин бири Зулушев мыйзам боюнча түшүндүрмө берген.

"Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Бул норма учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет. "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынан бул берене алынып, күчүн жоготушу керек", - дейт Зулушев.

Маалыматка караганда, каршы добуш берген депутаттар Асель Кодуранова менен Данияр Аттокуров болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: