Ырчы Анжелика тун кызына унаа белек кылды









Ырчы, алып баруучу жана актриса Анжелика тун кызы Айымга унаа белек кылды. Ал мындай кымбат баалуу белекти кызынын туулган күнүнө карата жасаган. Анжелика кызы 18ге чыкканда унаанын ачкычын тапшырарын SUPER.KG порталына айтып, буларга токтолду.
"Кызым Айымдын туулган күнүн эки күндөн бери белгилеп жатабыз. 14-декабрда классташтары менен, 15-декабрда "Kids Star" тобу менен белгилеп, өзүнүн көңүлүндөгүдөй майрам болду. Бүгүн болсо туугандарыбыз менен белгилейбиз. Ал эми кызымдын туулган күнүнө унаа (Lexus Nx 2018) белек кылдым. 1 ай мурда унаа саткан борборлордун бирине барып, ушул унааны айдап көргөм. Айдаганга жеңил, ыңгайлуулугу жаккан. Ошондо унаа борборунан жакшы сунуш жасашты, тактап айтканда, "эски унааңызды жаңы унаага алмаштырып беребиз" дешти. Ошондо дароо эле өзүмдүн буга чейин айдап жүргөн унаамды бергем. Жаңы унааны каттоо жана башка кагаз иштери Айымдын туулган күнүнө карата бүткөндүктөн унааны кызыма арнадым. Буюрса, кызым 18ге чыкса унаанын ачкычын колуна тапшырам. Мага жардамчы болуп сиңдилерин окууга, ийримдерге алып барып турса кандай жакшы. Бардык аракеттерим кыздарыма арналат", - дейт ырчы.
Ошондой эле Анжелика ак өргөөсүнүн оңдоп-түзөө иштери аяктаганын, жаңы үйгө киргенин кошумчалады.
"Буюрса, Жаңы жылды жакшы жаңылыктар менен тособуз. Жаңы үйүбүзгө кирдик. Кыздарымдын кубанычында чек жок", - деди ал.


Кайсы арына акылдуу болосун, айтчы?!!
Ансыз деле Анжеликанын эл астында жарык жузу калдыбы?!! Аны казактардын Айжан Байзаковасына окшотуп да, салыштырып да журушот......
Экинчиден бир унаа алдым деп унаа салонго торт которуп барып, фейерверк аттыруу шарт беле?! Анжеликадан башка ким ушундай обу жоктонуп жатат?!!
Самара экоо кичине уялышса болбойбу, бири подписчиктерине деп той кылса, бири озуно эле алган унааны 11 жашар кызыма алдым десе
Эч болбосо "жылдын пиарщик айымдары" номинациясына корсотсонор боло......
Бул сага ийгиликпи?!
Бир унаа сатып алыптыр, жакшы, алдынан шамал отуп турсун. Бирок ошончо адам угаа алып да койрондонбой эле го, элге жарыялабай эле го?!!
Анан 11 жаштагы кызыма алдым унааны, ачкычын 7 жылдан кийин берем десе, эл ишенеби?!! Эл эмне, силерге акмак корунуп жатабы?!!
Айтооор сүйлөгүм да келбейт ушуга.Кызын өзү сыяктуу өтө эрте жетилтип койду.Мухтар Омуракунов менен жапжаш бойдон жүргөн бул кыз. Чымчык уядан эмнени көрсө учканда ошону алат болду окшойт.Тооба кылдым.