super.kg logo

Бишкекте өткөн кыска метраждуу тасмалар фестивалында молдовалык режиссёрдун тасмасы мыкты деп табылды

 

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын 8-эл аралык фестивалы жыйынтыкталды. Аталган фестивалга КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн тасма жаратуучулары катышкан. Эл аралык сынактын жыйынтыгы боюнча молдовалык режиссёр Евгений Дудчактын "Миллиард" тасмасы мыкты деп табылган. "Мыкты режиссура" наамын өзбекстандык Шокир Холиковдун "Чай" тасмасы жеңип кеткен. Калыстардын атайын сыйлыгына эстониялык режиссёр Руано Полмандын "Муза" тасмасы ээ болгон.

Ал эми улуттук сынактын жыйынтыгына ылайык, Караш Жанышовдун "Кош бол" тасмасы мыкты деп табылса, мыкты режиссура сыйлыгы Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасына ыйгарылган. Калыстардын атайын сыйлыгы Бектемир Пратовдун тасмасына тапшырылган.

Кинофестиваль 2011-жылы кинорежиссёр, продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Фестиваль жыл сайын 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө башталып, ага даректүү жана анимациялык тасмалар катыша алат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: