Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан жаракат алган үч адамдын аты-жөнү такталды. Алар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат
16-декабрда Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 3 адам алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Ысык-Ата райондук ооруканасынын башчысынын орун басары Альсира Момуналиева SUPER.KG'ге ооруканага келип түшкөн жабырлануучулардын үчөө тең оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.
Анын айтымында, кырсыктан 1996-жылы туулган А.Турар уулу башынан жана ички органдарынан жаракат алса, 1976-жылы туулган М.Бейшебаев башынан, омурткасынан, 1973-жылы туулган К.Шейшеев башынан жаракат алган.
"Үчөө тең учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатышат, абалдары туруктуу. Аларды хирургия бөлүмүнө которобуз. Операция жасоо үчүн Бишкектен врачтарды чакырдык", - деди Момуналиева.
16-декабрь күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында Фольксваген Пассат унаасы менен Тойота Ипсум унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен беш адам каза болуп, үч адам оор жаракат алган. Кырсыктан Фольксваген Пассат унаасы айдоочусу менен кошо өрттөнүп кеткен.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсык катталып, 5 адам каза болду



1 |