super.kg logo

2014-жылы Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн ишкананын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев кайрадан кармалды

 

Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн "Темир Канат" ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мергенбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 17-декабрда каралат.

Ушул жылдын 17-январында Бишкек шаардык соту Эркинбек Мергенбаевди 6 жылга эркинен ажыраткан. Соттун чечимине ылайык, Мергенбаев жаза мөөнөтүн абакта күчөтүлгөн тартипте өтөп, мүлкү конфискациялана турганы айтылган.

Окуянын чоо-жайы:
Эркинбек Мергенбаев Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ипподромду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Бирок иш-чаранын ачылышына аз күн калганда ипподром даяр эмес экени белгилүү болгон. Ат майданды куруу үчүн кошумча күчтөр тартылып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына бир күн калганда курулуш бүткөн. Ишкер өкмөткө кайрылып 14 миллион сом төлөө керектигин, ошол каражат курулушчуларга акы төлөө үчүн берилерин айткан. Тийиштүү текшерүүлөр жүргөндөн кийин 2015-жылы Мергенбаев камакка алынган. Ага "ипподромдогу отургучтар Кытайдан аткезчилик жол менен алып келинген" деген айып тагылган. Мергенбаев "аткезчилик" жана "бажы салыктарын төлөбөө" беренелери боюнча абакка кесилген. Үч жыл абакта отургандан кийин аны эки ай мурун жатак абакка которушкан.

Эркинбек Мергенбаевдин аялы Айнура Мергенбаева жолдошунун ден соолугу начар экенине карабай ага абакта кайдыгер мамиле жасалганын айткан. Жатак абакка которулгандан кийин Эркинбек Мергенбаев өзү да видео кайрылуу жасап, ипподромго жана тергөөгө байланыштуу пикирин айтып, дагы камалуу коркунучунда экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
17.12.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылган ишине Жоопкерчиликтуу болуш керекда мойунга алгандан кийин
17.12.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар Ким колу менен кылган ишин мойну менен тартат
17.12.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чекеден камагыла!
17.12.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камагына жегендер камалышы керек. Атамбаевди камаш керек
17.12.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жегенден кийин тологонду да билгиле да элдин ырыскысын жеген арам тамактар.
17.12.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кусканы келгенде эле баары оорукчан боло калат. Уурдап жатканда эмнеге оорушпайт ыя?! Андайда куландан соо!!!

Кытайда пара менен кармалгандар атууга кетет экен. Бизде миллион миллиарддарды уурдагандар соттук отурумду созуп журуп акыры кутулуп кетет Келдибеков, Иса Омуркуловго окшоп же 2-3 жыл камалып кое берилет, Тулеев, Нарымбаевге окшоп...
17.12.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул киши микрофонду да жейин деп калыптыр го.
17.12.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул киши генподрядчик болгон экен заказчиктер тендерде жарыяланган акчаны бербей койсо бул кишиде не куноо? Заказчик президенттин иш башкармалыгы болгон экен. Айтылган акчаны азыр да бербей жумушчулар акчасын алалбай журот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: