super.kg logo

Бишкекте маршруттук такси оодарылып кетип, бир аял жана 1-класстын окуучусу жабыркады

 

Бишкекте маршруттук такси оодарылып кетип, бир аял жана 1-класстын окуучусу жабыркады. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 17-декабрда Таштөбө жана Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде 14:00 чамасында катталган. Мазда 6 үлгүсүндөгү автоунаа 166-каттамдагы маршруттук таксини сүзүп, анын кесепетинен микроавтобус оодарылып кеткен.

Кырсыктан бир аял жана 1-класста окуган кыз жабыркап, аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

"Жол кырсыгына ким күнөөлүү экендиги иликтөө иштеринин жыйынтыгында белгилүү болот. Азыркы учурда эки унаа тең айып аянтчасына токтотулду", - деди басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.12.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эч ким олбоптур.
Мен шаарда жургондо ушул маршрутка айдагандардан корком буларга пофигу на все каалаган жерге каалагандай токтой поворотник дегенди омуру иштетпейт иштетсе да ал кургур бир жолу очуп жанганы аран улгурот.Айдагандары артынан 30 жыл ач калган аю куугандай ичинде канча адам бар экени менен иши жок
17.12.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине ойлонушса болмок 15_20 адамдын тагдыры менин колумда деп ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-12-18 08:08:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: