"Өмүрбек Текебаев анализдерди тапшырып жатат, абалы жакшы" дейт жактоочусу
Өткөн жумада "Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулган. Учурда ал Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.
Бүгүн, 17-декабрда анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова SUPER.KG порталына билдиргендей, Текебаев анализдерди тапшырып жатат. Ошондой эле Токтакунова Текебаевдин абалы жакшы экенин айтты.
Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлган.
Ал быйыл 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган.
Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды" деп айыпталып, 2017-жылы камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:53
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.