super.kg logo

Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн ишкананын жетекчиси 6-январга чейин камакка алынды

 

Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн "Темир Канат" ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 17-декабрда Биринчи Май райондук сотунда каралды. Жыйынтыгында соттун чечими менен ал 2019-жылдын 6-январына чейин камакка алынганын Жогорку Соттон кабарлашты. Маалым болгондой, ага "Чолпон-Атадагы ат майданды курууда курулуш материалдарын кымбат баада көрсөткөн жана каражатты максатсыз пайдаланган" деген айып тагылып жатат.

Ушул жылдын 17-январында Бишкек шаардык соту Эркинбек Мергенбаевди 6 жылга эркинен ажыраткан. Соттун чечимине ылайык Мергенбаев жаза мөөнөтүн абакта күчөтүлгөн тартипте өтөп, мүлкү конфискациялана турганы айтылган.

Окуянын чоо-жайы:
Эркинбек Мергенбаев Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ипподромду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Бирок иш-чаранын ачылышына аз күн калганда ипподром даяр эмес экени белгилүү болгон. Ат майданды куруу үчүн кошумча күчтөр тартылып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына бир күн калганда курулуш бүткөн. Ишкер өкмөткө кайрылып 14 миллион сом төлөө керектигин, ошол каражат курулушчуларга акы төлөө үчүн берилерин айткан. Тийиштүү текшерүүлөр жүргөндөн кийин 2015-жылы Мергенбаев камакка алынган. Ага "ипподромдогу отургучтар Кытайдан аткезчилик жол менен алып келинген" деген айып тагылган. Мергенбаев "аткезчилик" жана "бажы салыктарын төлөбөө" беренелери боюнча абакка кесилген. Үч жыл абакта отургандан кийин аны эки ай мурун жатак абакка которушкан.

Эркинбек Мергенбаевдин аялы Айнура Мергенбаева жолдошунун ден соолугу начар экенине карабай ага абакта кайдыгер мамиле жасалганын айткан. Жатак абакка которулгандан кийин Эркинбек Мергенбаев өзү да видео кайрылуу жасап, ипподромго жана тергөөгө байланыштуу пикирин айтып, дагы камалуу коркунучунда экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жегенден кийин кусуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: