super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жыргалбек Турускулов: "Транспорт министринин орун басарынын кармалганы өкмөт башчыга аброй алып келбейт"

 

Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев командасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти. SUPER.KG порталынын "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов жооп берди.

Ал премьер-министр өкмөттүн курамын түзүп жатканда тандап, талдап таза адамдарды алып келиши керек деген пикирин айтты.

"Абылгазиевдин өкмөтүнүн ишине баа берүү үчүн бир жылдык ишмердүүлүгүн карашыбыз керек. Жаңы жылдан кийин өкмөт башчы жаңы түзүм алып келем деп жатат. Ошондуктан азырынча баа берип, пикир айтууга эрте. Өкмөт башчы бардык болуп жаткан нерселерге жооп бериши керек. Транспорт жана жолдор министринин орун басары кармалганы жаман көрүнүш болду. Бул окуя өкмөт башчыга аброй алып келбейт. Ошондуктан өкмөт башчы министрлер кабинетин түзүп жатканда тандап, талдап таза адамдарды алып келиши керек”, - дейт Турускулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Умбеталы Кыдыралиев, Аалы Карашев, Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: