super.kg logo

Кытайда ууру кымбат баалуу мончокту уурдайм деп анын 40 даана шурусун жутуп салды

 
Кытайдын жашоочусу баасы 1 миллион фунт стерлинг (89 миллион сомго жакын) болгон нефрит мончогун уурдоого аракет кылып, анын 40 даана шурусун жутуп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы Хоу аттуу адам өзүнүн шериги, 24 жаштагы Чжоу деген кыз менен сатуучуларга кардар катары көрүнүшкөн. Алар Гуандун провинциясындагы зер буюмдар сатылган дүкөнгө 1 аптадай келип жүрүшкөн. Кылмыш жасаган күнү күндүзү саат 11:00дөрдө келип, нефрит мончогун сатып алуу ниеттери бар экенин айтышкан. Шуруну сырттагы жарыкта текшериш керек деген жүйөө менен Хоу аны алып сыртка чыккан, кыз сатуучунун жанында калган.

Хоу сыртка чыгары менен мончокту үзүп салып, шуруларын жутуп салган. Кийин сатуучуларга "кайтардым" деген тейде кылмышын жашырган. Сатуучулар полиция кызматын чакырышып, анын жанынан мончокту табышкан эмес. Бирок рентгенге жөнөтүүнү сунушташкан. Рентген анын шуруларды жутуп алганын көрсөткөндөн кийин ичиндеги шурулар алынган.

Мурда да зер буюмдарды уурдагандыгы үчүн соттолгон Хоу камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.12.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул Шуру мн кошо шруп дагы жутуп алыптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: