super.kg logo

Киши колдуу болуп өлгөн адамдын далил буюм катары алынган телефонун колдонуп жүргөн тергөөчүгө кылмыш иши козголду

 

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата РИИБинин Э.С. аттуу тергөөчүсүнө кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

"Кылмышка шектелип жаткан тергөөчү Э.С. райондук милиция тарабынан адам уурдоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча козголгон ишти тергеп жаткан. Бир нече адамдардын тобу тарабынан уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн кишинин телефонун маркумдун бир тууганы тергөөчү Э.С.га кылмыш иликтөөгө жардамчы буюм катары өткөрүп берген. Э.С. ал телефонду мыйзамдын негизинде далил буюм катары чогултулган материалдарга тиркеген эмес. 2018-жылы Э.С. ага тергөөчү кызматына дайындалгандан кийин дагы телефонду далил буюм катары өткөрүп бербестен, колдонуп жүргөн. Телефондун мыйзамдуу ээси Ысык-Ата райондук прокуратурасына телефон тергөөдө далил буюм иретинде колдонулбай жатканын айтып арыз менен кайрылганда гана аны өткөрүп берген", - деп билдирди прокуратуранын маалымат кызматы.

Бул иш тергөө үчүн УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
19.12.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Андай телефонду биринчи корушу болсо керек да.
19.12.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы тергөөчүлөр өздөрүнүн "милдетин" билишпейт окшойт.
19.12.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каап сугалак десе.
21.12.2018. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тергоочунун сабатсыздыгы ушундан эле билинип жатпайбы... Мыйзамды да билбесе керек! Ушинтип эле телефондуу болуп калам деп ойлосо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: