super.kg logo

Бишкекте 8 жашар баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочу изделүүдө

 

Бишкекте 8 жашар баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 18-декабрда саат 10:45 чамасында Бөкөнбаев жана Манас кең көчөсүнүн кесилишинде орун алган.

"Унаа жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан окуучуну сүзүп, андан ары жолун улантып кеткен. Ал эми окуучу денесинен жаракат алган. Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул кырсыкты көргөн күбөлөрдөн аталган унааны табышууга жардам сурайт", - деди басма сөз кызматкери.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуяга күбө болгондор болсо 0312 53 01 81 байланыш номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: