super.kg logo

Кочкордо жеңил унаа КамАЗ менен сүзүшкөн жол кырсыгы: Аялы-күйөөсү каза болуп, кызы оор абалда ооруканада

 

Кочкордо жеңил унаа КамАЗ менен сүзүшкөн жол кырсыгында аялы-күйөөсү каза болуп, кызы жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына каза болгон жубайлардын айылдашы билдирди.

"Бул үй-бүлөнүн Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылына көчүп келгенине аз эле убакыт болгон. Буга чейин алар Тоголок Молдо айылында жашап келишкен экен. Жол кырсыгы болгон учурда унааны 69 жаштагы А.К., анын 66 жаштагы жубайы О.Ж. жана унаанын артында 48 жаштагы кызы болгон. Маркум айдоочу өмүр бою салык кызматында иштеген. Ушул эле жылы пенсияга чыккан болчу.

Агай менен жубайы жол кырсыгынын кесепетинен окуя болгон жерден каза болуп калышты. Ал эми кызы оор жаракат алганына байланыштуу учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди айылдашы.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгынан аман калган аял Баетовдогу мектептердин биринде мугалим болуп иштейт.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

19-декабрь күнү саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 205-чакырымында (Кочкор айылынын тушунда) жол кырсыгы катталган. Анда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа КамАЗдын алдына кирип кеткен. Жеңил унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү каза болуп, бир жүргүнчүсү оор жаракат алып ооруканага жеткирилгени маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: