super.kg logo

SUPER TV: Ырчы Аваз Акимов Айдана Декадан коркобу?

 

Ырчы Аваз Акимов SUPER TV уюштурган оюнга катышты. Анда журналисттер тарабынан берилген тапшырмалар боюнча, алгач өзүнүн телефонун кымбат баага сатууга аракет кылып, андан соң көчөдөн өтүп бара жаткан жаштарды тамашага салып, соңунда Аяз атанын кийимин кийип, өзүнө Аяз кыз издеди. Көпчүлүк ырчыны дароо эле таанып, "тамашага салып жатасыңбы?" деген суроолорун берип жатты. Аваз Акимов колунан келишинче актёрлук чеберчилигин ойготуп, өзүнө берилген тапшырмаларды так аткарууга аракет кылды.

Ошондой эле кыздар менен таанышып, соңунда "Айдана билсе урушат" деп тамашалап, аларды жашыруун камера тартып жатканын айтты.

"Мага берилген тапшырмаларды аткаруу аябай оор болду. Берүүнүн буга чейинки чыгарылышына досум Алмаз Шаадаев катышканын көрүп, "мага ошондой тапшырма берсе аткара албайт болчумун" деп айткам. Чынында эле ошондой болду окшойт. Жашоодогу Аваз менен бүгүнкү тапшырмаларды аткарган Аваздын мүнөзү бири-бирине карама-каршы. Ошентсе да колумдан келишинче аракет кылдым", - дейт ырчы.

Аваз Акимов өзүнө берилген тапшырмаларды канчалык деңгээлде аткара алгандыгын көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга баш багыңыз.


кошулду





Ырчы Аваз Акимов Айдана Декадан коркобу?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
SUPER.KG видео
09.01.2019. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: