super.kg logo

Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келиндин иши сотко өттү

 

Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келиндин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Колундагы ымыркайы менен 4-кабаттан секирген келиндин окуясы боюнча тергөө иштери аяктады. Аз убакыт мурун тергөө аягына чыккандыгына байланыштуу иш сотко өткөрүлүп берилди. Алгач ымыркай убактылуу балдар үйүнө өткөрүлүп, кийин аны чоң апасы тиешелүү мекемелердин уруксаты менен өзүнүн камкордугуна алган. Ымыркайдын жана келиндин тагдырын сот чечет", - деди облустук милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Буга чейин өзүнүн жана уулунун өмүрүн кыюуга аракет кылган келин ооруканадан чыккан соң, 20-декабрга чейин соттун чечими менен 2 айга камакка алынган болчу.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 6-сентябрында 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштап, ооруканага жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да спирт ичимдиктерди ичкени белгилүү болгон.

Колундагы 7 айлык баласы менен кошо секирген келинге Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголгон. Кийин анын жолдошу да суракка алынып, ал аялы экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: