super.kg logo

Сузакта "көрүнгөн жериңе бар" деп ооруп жаткан баланы карабай койгон дарыгер жумуштан айдалды

 

Жалал-Абадда дене табы көтөрүлүп жаткан баланы карабай койгон педиатр тууралуу видео интернетке чыгып, коомчулукта талкууга алынды. Бүгүн, 21-декабрда ал дарыгер кызматтан алынганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Коомчулукка тараган видеодо жаш эне уулун көтөрүп алып дарыгер менен урушуп жатканын көрүүгө болот. Жаш эне иш бөлмөдөн чыккан врачты кабыл албаганы үчүн түртүп салганда, ал сөгүнүп кирет. Видеону тартып жаткан кыздын "ооруп келген баланы карабай, башка нерселерди жазып коюп отурушат" дегенин угууга болот.

Дарыгердин "каалаган жериңе бар, балаңды карабайм" дегени видеого тартылып калган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Благовещенск айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун педиатры ооруп жаткан баланы карабай койгону үчүн жумуштан айдалганын маалымдашты.

Белгилүү болгондой министрликтин тапшырмасы менен Сузак районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилиги окуяны иликтеген. Жыйынтыгында №11-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врач-педиатры А.Э. өз милдетин так аткарбаганы үчүн кызматтан алынган.






Жалал-Абадда врач дене табы көтөрүлүп жаткан баланы кабыл албай койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(6)
Медиа-портал
21.12.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буга окшогондорду жоготуш керек айбан айлык алгандан кийин кантип карабайт
Медиа-портал
21.12.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телефон деген бар Эээйлер!Этият болгула.
21.12.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башкаларга сабак болсун ушундай керек өздөрүнө жараша мамиле жасап жоопко тартыш керек.
Медиа-портал
21.12.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Совсем заарго блииин.
Медиа-портал
21.12.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабак болсун...
Медиа-портал
22.12.2018. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайеринде бул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: