super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Досунун аялын зордуктаган окуя боюнча аял зордукталбаганы аныкталды"

 

Бишкекте мас абалында досунун аялын зордуктаган окуя боюнча факт далилденген жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, декабрь айынын башында милицияга арыз менен 38 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал күйөөсүнүн досу мас абалында аны зордуктап койгонун билдирген.

"Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Иликтөө иштеринин алкагында зордуктоо фактысы аныкталган эмес. Бул себептерге байланыштуу кылмыш иши козголгон жок", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү аял, күйөөсү жана анын досу менен борбордогу батирлердин биринен спирт ичимдигин ичишкен. Кийинчерээк алар уктоочу бөлмөлөргө кирип, түн ортосунда күйөөсүнүн досу аялды зордуктап койгон. Жабырлануучу аял бул тууралуу милицияга арыз жазып, бирок мас болгондуктан зордуктоо учурунда каршылык көрсөтпөгөнүн айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: